ЖКнын депутаттары Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында БУУнун Калкты жайылтуу жана өнүгүү комиссиясынын 47-сессиясына катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган сессияга ЖКнын депутаттары Д.Ниязалиева, И.Карамушкина жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам жана дары-дармек саясат башкармалыгынын жетекчиси А.Эшхожаева катышууда.
Кыргызстандан барган делегация БУУга мүчө өлкөлөр сыяктуу эле калкты жайылтуу маселеси туурасындагы улуттук тажрыйбасы менен бөлүшүп, аталган программанын ишке ашышына катышмакчы.