180 орус жазуучусунун чыгармалары кыргыз тилине которулуп, адабиятчыларга сунушталды 

КРнын Улуттук китепканасы “Орус адабияты кыргыз тилинде” аттуу библиографиялык көрсөтмө уюштурууда. Анда 180 орус жазуучусунун чыгармалары кыргыз тилине которулган. Бул китептер орус адабиятына кызыккан котормочулар, окутуучулар, адабиятчылар, китепкана кызматкерлери жана студенттер үчүн даярдалган. 

Котормолорду Маданиятка эмгек сиңирген ишмер Ж.Айсаракунов түзгөн. Башкы редактору - филология илимдеринин доктору, профессор Ж.Бакашова

Кыргыз адабиятында көркөм которууну Касым Тыныстанов, Касымалы Баялинов 1924-жылы түптөп беришкен. Андан бери кыргыз тилине Александр Пушкин, Михаил Лермонтов, Лев Толстой, Антон Чехов жана башка 200дөн ашык жазуучулардын, акындардын чыгармалары которулган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан