2013-жылы жалпы республикалык тестирлөөгө Чүй облусунун аймагынан 6276 окуучу катышкан. Кечээ, 8-апрелде Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин көчмө жыйынында белгилүү болгондой, тестирлөөнүн жыйынтыгында окуучулардын топтогон баллдарынын орто эсептеги көрсөткүчү 109,4тү түзгөн.
Кошумчалай кетсек, жалпы республикалык тестирлөө аркылуу жогорку окуу жайга бюджеттик орунга өтүү баллы 110дон жогору.