2010-жылдын 7-апрелинде "Ала-Тоо" аянтында болгон окуялар боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде чечимди ылдамыраак чыгаруусун талап кылы. Муну 9-апрелде маалымат жыйынында октон жаракат алып набыт болгон Адилет Карасартовдун атасы Сүйүн Карасартов билдирди.
Анын айтымында, мамлекетте болгон соттук реформалар ишке ашырылбай калды.
“Прокуратура айыпталуучуларды актоого ниеттенүүдө. Бийлик эл үчүн ок астына чыгып, курман болгондорду унутуп калды. Биздин кайрылууларыбыз ага жетпей жаткандыгы өкүнүчтүү болуп турат”,- дейт Карасартов.