Артур Медетбеков, Апрель окуясында митингчилерге ок аткан аскерлердин иши тууралуу: "Эгерде сот акыйкаттуу болсо, бул иш эмдигиче аягына чыкмак"

Учурда Бишкектеги М.Горький атындагы сейил бакта “Альфанын” кызматкерлерин коргоону талап кылып аскер бөлүгүнүн ардагерлери жана туугандары пикет өткөрүп жатышат. Анда Коомдук аскер союзунун төрагасы Артур Медетбеков “эгерде сот иши акыйкаттуу болсо, кандай курал кайсы жерден атылганын аныктамадан өткөрүп, сот иши эмдигиче аягына чыкмак” деп билдирди.

Ал 7-апрель күнү Ак үйдүн ичинде 2 миңге жакын адам болгонун айтып, алардын арасында жөнөкөй жарандар жана аскер кызматкерлери да жүргөнүн кошумчалап өттү. Анын айтымында, алардын баарында курал-жарак болгон. Андан сырткары митингге катышкан балдар да курал-жарактуу болгон, граната ыргытышкан. Аларды да суракка алып, териштирүү иштерин жүргүзүп, жоопко тартыш керек эле. 

“Бүгүнкү күндө 7-апрелдеги окуялар талаш-тартышты жаратып келатат. Бир канча эне уулун жоготту. Биз буга терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Сот иши 4 жылдан бери бүтпөй келет. Ошол учурдагы Убактылуу өкмөттүн чечими менен “Альфанын” 20 кызматкерине күнөө жүктөлгөн. Биз чыныгы күнөөкөрлөрдү табышыбыз керек. Алар бүгүнкү күнгө чейин ушул окуянын "дежур" күнөөкөрү болуп келатышат. Кандай курал менен кайсы жерден атканын, курал-жарактарды аныктамадан өткөрүп, териштирүү иштерин жүргүзсө, сот иши эмдигиче аягына чыкмак. Ал эми иш жүзүндө күнөөнүн баары 20 балага тагылып келе жатат”,- дейт Медетбеков.  

Апрель окуясына катышкан күч кызматкерлеринин укугун коргоочулар митингге чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан