Баткенде ашар жолу менен спорт аянтчасы курулат

Бүгүн, 9-апрелде Баткен шаарынын Кызыл-Жол аймактык башкармалыгында Кызыл-Жол орто мектебинин спортзалын ашар жолу менен куруу үчүн марафон өткөрүлдү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Дилара Парпиева билдирди.

Ага өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Жеңиш Разаков баш болгон бир катар жетекчилер катышты. 

Айта кетсек, Баткен облусунда 2013-жыл ичинде 14 спорт аянтчасы, анын ичинен Баткен шаарына, Лейлек районуна жана Кызыл-Кыя шаарына заманбап аянтчалар курулган. Азыркы учурда Кадамжай районуна заманбап спорт аянтчасынын курулушу бүтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан