Ош шаарында студенттер кайрымдуулук акциясын өткөрүштү

Кечээ, 8-апрелде Ош технологиялык университетинин студенттери Жаштар комитети менен биргеликте Ош шаарындагы Балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборунда тарбияланган балдар үчүн кайрымдуулук акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз катчысы Рамис Ыдырысов бүгүн, 9-апрелде билдирди.

Маалыматка ылайык, окуу жайдын активист жаштары демилге көтөрүшүп, жетекчиликтин колдоосуна алынган.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды коомдон бөлбөстөн, аларга камкордук кылып туруу - ар бир инсандын адамдык милдети. Ошондуктан биз мындай кайрымдуулук иштерин байма-бай өткөрүп турууну колго алдык. Май айында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн марафон уюштурабыз”,- дейт ОшТУнун Жаштар комитетинин төрагасы Эмил Каныбеков. 

Ошондой эле аталган балдар үйүнүн тарбиялануучуларына таланттуу жаштар тарабынан даярдалган эки сааттык концерттик программа тартууланды. Мындан сырткары бөбөктөргө таттуулар таратылып, белектер берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asiret
2014-04-09 15:21:40
Азаматтар!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан