Өкмөт жооп берет: Ээси жок болсо, милдеттенме аркылуу жер тилкесин өзүмө каттатып алсам болобу?

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - 2006-жылы 6-январда мен бир эжеден жер сатып алгам. Бирок нотариуска каттоо үчүн барганыбызда, жердин токтому боюнча 5 жылга чейин ээликтен ажыратууга болбой тургандыгын айтты эле. Мен төлөй турган жердин акчасын эжеге карызга 5 жылга 30 пайыздык үстөк менен берип жаткандай кылып милдеттенмени документтештирген. Ошол эле документтин аркасына (түп нускасына) эже күрөө катары мага жеринин Кызыл китебин берип жаткандыгын жана 5 жылга чейин мага каттап бере тургандыгын жазып кол коюп берген. 

Азыр жердин Кызыл китеби менде. Башында байланышып жүрдүк эле, кийин ал эжени таппай калдым. Мындай учурда эмне кылуум керек? Мурда "Ош базарынын" тегерегинде соода кылчу, ал жактан дагы таппай койдум. Эми аны издеш үчүн Ошко барышым керек болуп жатат (паспорту боюнча дареги Ош облусунда деп айтылган), бирок анткенге убактым да жок, чамам да жетпейт. Юридикалык жактан милдеттенмени пайдаланып эженин катышуусусуз эле жерди каттатып алууга болобу? Суроо калтырган DJoni

Жооп: - Сиз берген суроонун эки жообу бар: 1. Жерди өзүңүздүн наамыңызга өткөрүп алыш үчүн жер ээсин сөзсүз түрдө табышыңыз керек. Азыркы күндө, тагыраак айтканда, 2009-жылдын май айынан баштап Жергиликтүү жерге жайгаштыруу жана укуктарды каттоо башкармалыгында алып-сатуу келишиминин негизинде өзүңүздүн наамыңызга өткөрсөңүз болот. Бирок дагы кайталайм, сөзсүз түрдө жердин ээси керек болот. 

2. Экинчиден, колуңузда Кызыл китеп болсо, нотариалдык күбөлөндүргөн милдеттенмеңиз (обязательство) бар болсо, жергиликтүү сот аркылуу чечип алышыңыз мүмкүн.

Суроого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кыймылсыз мүлк бөлүмүнүн башчысы Арстан Кубанычбекович жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан