Бишкекте мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдын түзүмү талкууланат

Эртең, 10-апрелде «Кыргызстандагы мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдын түзүмү: жетишкендиктери, чакыруулары жана концептуалдык реформалоо маселелери” деген аталыштагы тегерек стол өтөт. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2009-жылдан тарта «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамы иштеп баштаган. Тегерек столдун катышуучулары ушул мыйзамды ишке ашыруудагы көйгөйлөрдү   жана ушул убакыт аралыгында жетишкендиктерин жыйынтыктоону талкуулоо үчүн чогулат. Мындан сырткары бул системди реформалоо приоритеттерин жана концептуалдык маселелерди аныктайт. 

Аталган тегерек столго укук коргоо органдарынын, адвокаттык коомдун, КРнын Өкмөтүнүн жана КРнын Президентинин аппаратынын, жарандык коомдун, эл аралык мекемелердин өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер катышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан