Нарын облусунун Юстиция башкармалыгынын семинары өткөрүлдү

Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы тарабынан укуктук пропаганда боюнча иш планында коюлган милдеттерди аткаруу максатында Облустук ички иштер башкармалыгынын, Нарын шаардык, Нарын райондук ички иштер кызматкерлерине семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-апрелде министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчисинин тергөө иштери боюнча орун басарлары, алардын тергөөчүлөрү жана МКЮЖ боюнча мамлекеттик адвокаттар «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамын ишке ашыруу, анын ичинде шектүүлөрдү кармоо жана тергөө жүргүзүү баскычында, тергөөчүнүн иш-аракеттери, адвокаттарды чакырууларды, каттоо журналын толтуруунун тартиби тууралуу толук түшүндүрмө берип, тергөөчүлөр тарабынан аталган маселеге олуттуу мамиле жасоолору, адвокаттарды графиктин негизинде чакыруу керектиги жөнүндө айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан