Кечээ, 9-апрелде Жалал-Абад шаардык көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы 2014-жылга керектелүүчү күйүүчү майга жана чарбалык буюмдарга тендер өткөрдү. Анын жыйынтыгы 3 күндөн кийин чыгат. Тендерге Жалал-Абад шаарынан 6 ишкана катышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган ишкана тарабынан 23-апрелде техникалар боюнча да тендер өтөт.