Бүгүн, 10-апрелде Каракол шаарында коомдук абалдын коопсуздугун камсыздоо максатында милиция кызматкерлери менен бирге 112 элдик кошуундун өкүлү чыкмакчы. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи маалымдады.
Маалыматка ылайык, эгерде экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары, Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары митинг уюштурса, Каракол ШИИБи жана Ысык-Көл облусунун ИИБинин кызматкерлери да күчөтүлгөн режимге өтүүгө даяр экендиги айтылат.