Милицияга алынып келген оппозициянын катышуучулары митингге катышкандыктары үчүн 1500 сомдон алышканын билдиришти. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы маалымдады.
“Шаардын ар кайсы жеринен милиция бөлүмүнө алынып келинген Улуттук оппозициялык кыймыл уюштурган митингдин катышуучулары учурда сурак берип жатышат. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Сузак районунун Ленин айылынан келген 4 бала уюштуруучулардын жардамы менен шаарга келип, 1500 сом акча алгандарын жана кечинде кайра айылына уюштуруучулар жеткиребиз деп убада бергенин айтышты”,- деп маалымдайт басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов.