Баткен. Тажик бийлиги ичүүчү суунун токтотулгандыгы тууралуу маалымат таратканы жалган

Кечээ, 9-апрелде Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчиевдин тажик бийлиги ичүүчү сууну токтотуп койгондугу тууралуу маалымат таратканы туура эмес экенин бүгүн, 10-апрелде Баткен облусунун өкүлчүлүгүнүн кеңешчиси Алимбек Матмуратов билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан Баткен районунун чек аралаш аймакта жайгашкан айылдарында оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу гана таза сууну токтотушкан. Учурда таза суу менен кыргыз айылдарынын көпчүлүк бөлүгү камсыз болду. Маалыматка ылайык, Тажикстандын Ворух анклавынан Шурап шаарына Кыргызстан аркылуу суу түтүкчөсү өткөн. Ошол ичүүчү суудан кыргыз айылдарынын айрымдары пайдаланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан