Митингге келе жаткандарды кармаганы - мыйзамды бузгандык. Бул тууралуу акыйкатчы Бакыт Аманбаев бүгүн, 10-апрелде митинг учурунда билдирди.
“Бүгүнкү митингге келе жаткандарды кармаптыр. Бул деген мыйзамды бузгандык. Пикет, митингдер беренеде жазылган боюнча өтүш керек. Эч кандай чектөө болбоого тийиш”,- деди Бакыт Аманбаев.
Ошондой эле акыйкатчы кармалган балдардын абалы менен таанышып келүү үчүн райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөп жатканын кошумчалады.