Бүгүн, 10-апрелде "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "2,5 айдан бери айлык акыларын ала элекпиз" деп нааразылык акциясына чыгышты. Аларга жолугушууга келген шаар мэри Кубанычбек Кулматов айлыктары бир жуманын ичинде берилерин убада кылып, жарым саат мурун кеткенин аталган ишкананын кызматкери билдирди.
Анын айтымында, “Тазалыктын” кызматкерлери бүгүн жумушка чыккан эмес. “Бул жерде чогулгандар тарай элек, себеби биз койгон талаптар толугу менен аткарылган жок”,- дейт ал.