Бүгүн, 10-апрелде Каракол шаарына 25ке жакын жаш бала бет кап кийип келген. Бирок аларды аянтка чогулган 50гө жакын жергиликтүү тургун “бизге митингдин кереги жок, силер бийликке жетпей жаткан айрымдардын кыска оюн колдоп жатасыңар” деп урушуп, кетирип салышкан. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов маалымдады.
Маалыматка ылайык, аянтка келген балдар Жети-Өгүз районунан келгенин айтышкан.