"Президенти жок мамлекетти түзүшүбүз керек",- деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Абдрахманов бүгүн, 10-апрелде митингде сөз алып.
“Эгемендүүлүктү алганыбызга 24 жыл болду. Ошондон бери оңоло албай жатабыз. Эки жолу үмүт менен революция кылдык. Бирок үмүттөр аткарылган жок. Бизге президенттик башкаруу жарабайт. Биз жаңы, президенти жок мамлекетти түзүшүбүз керек”,- деди Өмүрбек Абдрахманов.