12-апрелде өлкөдөгү бардык каалоочулар орус тилинде жат жазуу жазып, сабаттуулугун текшерсе болот. Бишкек экинчи жолу “Жалпы жат жазуу” аттуу дүйнөлүк акцияга кошулат. Иш-чара 11 жылдан бери бир эле убакта дүйнөдөгү ондогон шаарларда жүргүзүлөт.
Жалпы жат жазуу – флешмобдун бир түрү. Бири-бирин тааныбаган адамдар бул акция тууралуу интернеттен жана массалык маалымат каражаттарынан билишип, өздөрүнүн сабаттуулугун текшерүү үчүн бир жерде жана бир убакытта чогулушат. Бул иш-чарадан жарандар орус тилин канчалык деңгээлде билишерин текшерет.
Катышууну каалагандардын баарына анонимдүү шарт түзүлгөн.
Кыргызстан акцияга биринчи жолу 2013-жылы катышкан. Андагы жат жазуу Бишкек жана Ош шаарларында жүргүзүлгөн.
Бул жылы жат жазуу И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинде, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, К.Баялинов атындагы Республикалык китепканада, Бишкек шаарындагы №4,17, 33, 38, 40, 62-мектептерде, Кант шаарындагы Казань мамлекеттик техникалык изилдөө университетинде жүргүзүлөт.