Бишкек-Ош унаа жолунун кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чараларына байланыштуу жол убактылуу жабылат. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында коопсуздукту камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 12-апрелге чейин артиллериялык куралды колдонуп кар көчкүсүн атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.