Бүгүн, 10-апрелде Бишкек шаардык Ички иштер башкы башкармалыгына шаардын ар кайсы жеринен алынып барган 120 адамдын 16сына майда тартип бузгандыгы үчүн административдик чара көрүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдураимов маалымдады.
“Түзүлгөн протоколдор сотко өткөрүлүп, 16 адамга административдик чара көрүлөт. Учурда кармалгандардын баары бошотулду”,- дейт Абдураимов.