Юрий Гагариндин 80 жылдыгына карата көргөзмөнүн ачылышы өтөт

Эртең, 11-апрелде Мамлекеттик тарых музейинде учкуч Юрий Гагариндин 80 жылдыгына карата көргөзмөнүн ачылышы болот. Көргөзмөдө учкучтар жөнүндө фотодокументалдык материалдар, космоско учуу алдында тартылып алынган сүрөттөр, “Чыгыш”, “Союз” өңдүү  жаңы космос кемесинин учушу тууралуу, космоско аялдар арасында биринчи учкан В.Терешкованын сүрөттөрү коюлат. Мындан тышкары андан "Байкоңурдан" учкан заманбап космос кемелери жана азыркы таптагы космонавтиканын өнүгүшү тууралуу материалдарды көрүүгө болот. Бул боюнча Мамлекеттик тарых музейинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Черикбаева билдирди.

Эске салсак, 1961-жылы Юрий Гагарин “Восток” кемеси менен космоско учурулган. Мындан соң ондогон өлкөлөр өз өкүлдөрүн космос мейкиндигине жөнөтүшкөн. Алардын арасында биринчи кыргыз космонавты Салижан Шарипов да бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан