Бишкекте пара алып жатып кармалган Салык кызматынын өкүлү иштен бошотулду

Бүгүн, 10-апрелде Бишкекте жеке ишкерден 3500 сом пара алып жатканда кармалган Ленин району боюнча Салык кызматынын иш алып баруучусу иштен бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

“Бул окуя болгондон кийин Салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу Замирбек Осмонов коррупцияны алдын ала жоюу максатында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тууралуу буйрук берди”, - деп маалымдайт басма сөз кызматы.

Ошондой эле пара менен кармалган иш алып баруучу Салык кызматынын системинен такыр бошотулганын билдирет.  

Эске салсак, кечээ, 9-апрелде Бишкек ШИИББинин 5-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ленин району боюнча Салык кызматынын өкүлү жеке ишкерден акча талап кылып кармалган. Анын аталган кызмат тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдү токтотуу жана мыйзам бузууларды жаап-жашырууга убада бергени аныкталган.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан