Эртең, 11-апрелде Бишкектин айрым аймактарында "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу улантылат. Маалым болгондой, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Алтын-Ордо конушундагы (2,3,4-көчөлөрдө), Кара-Жыгач конушундагы (Жетиген), Көк-Жар конушундагы (Кожояр, Оберон көчөлөрүндө), Көлмө конушундагы (Илим көчөсүндө), Бакай-Ата конушундагы (Арчалуу, Табалды, Кыпча, Анар, Нооруз, Ак-Талаа көчөлөрүндө) "акылдуу" эсептегичтерди орнотуу иштери улантылат.
Ага байланыштуу аталган аймактарда электр жарыгы убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.