Мавлян Аскарбековдун "Эркин эл" партиясы Улуттук оппозициялык кыймылдын митингине катышкан жок

Жаш активист Мавлян Аскарбеков жетектеген "Эркин эл" саясий партиясы бүгүн, 10-апрелде Бишкекте Улуттук оппозициялык кыймыл (УОК) уюштурган митингге катышкан жок. Бул тууралуу ал өзү SUPER.KG порталына кабарлады. 
Анын айтымында, "Эркин эл" партиясынын митингге катышпагандыгына элдин даяр эместиги себеп болду. "Нааразылык акцияларды өткөрүүнүн астында алдын ала аймактардагы эл менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек. Албетте, биз УОК менен кызматташабыз жана негизги пикирлерибиз дал келет. Маселен, биз дагы мамлекеттик стратегиялык мекемелерди чет өлкөлөргө сатууга каршыбыз",- дейт Аскарбеков.
Мындан тышкары ал "Эркин эл" партиясынын УОКтун алдыдагы митингдерине катышуусу сүйлөшүүлөр аркылуу чечилерин кошумчалады.
Эскерте кетсек, бүгүн, 10-апрелде саат 11:00дөн 15:00гө чейин Улуттук оппозициялык кыймыл Бишкектин Максим Горький атындагы сейил багында митинг өткөрдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dodon
2014-04-10 20:28:44
Бийликтин колдоосу менен тузулгон партия булар
+3
misha00
2014-04-10 21:02:33
бийлик ким тарапка отоорун куткон жокпу
+1
Dadasdasd
2014-04-10 21:12:32
Митингдин күнү күркүрөгөндө гана чыга калчу козу карындар.
+3
ALAi..14
2014-04-11 03:20:16
Мавлянбек мырза дайыма так,туура оюн жашырбай суйлоп келе жаткан мыкты жаштардын бири,ж.а кобуно улгу боло турган мырза.Ишине ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан