Кечээ, 10-апрелде Нарын облустук соту 2013-жылы ачык турган трансформаторго кирип, күйүп калган Айгеримге тиешелүү соттук отурум болуп, анда сот ага компенсация төлөп берүү үчүн "Чыгыш электр" компаниясын 3 миллион 64 миң сом өлчөмүндө компенсация төлөп берүүнү милдеттендирген чечим чыгарды. Бул тууралуу аталган компаниянын Нарындагы филиалынын юристи Азат Шаршеев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, жабырлануучу тарап 5 миллион сом компенсация талап кылып, сотко арыз жазган. Компания бул сумманын көп экенин айтып, сотко арыз берген. Дал ошол арыздын негизинде сот жогоруда аталган сумманы бекитти.
Эске салсак, окуя 2013-жылдын 28-апрелинде катталган. Анда 10 жаштагы Айгерим мектептке жакын жайгашкан трансформаторго кирип, катуу күйүккө кабылган. Ага Орусияда операция жасалары күтүлүүдө.