Бишкекте жана Караколдо Николай Пржевальскийдин 175 жылдыгына карата илимий конференция өтүүдө

Бишкек жана Каракол шаарларында Николай Пржевальскийдин 175 жылдыгына карата “Борбор Азия XIX-XXI кылымдардагы изилдөөлөрдө” деген аталыштагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде Николай Пржевальский атындагы музей-комплекстин илимий кызматкери Жумакан Мамбетова кабарлады. 

Маалыматта белгиленгендей, аталган конференцияга Н.Пржевальскийдин жээн чөбөрөсү, химия илимдеринин доктору, Н,М.Пржевальский атындагы Орусия агрардык университетинин профессору С.Н.Бабурин, “Московский Комсомолец” гезитинин башкы редактору П.Н.Гусев, Орусиядан келген илимпоздор жана Орусия элчилигинин өкүлдөрү катышууда. 

Эртең, 12-апрелде илимпоздор мемориалдык комплекске гүл коюу аземине катышат. Андан соң К.Тыныстанов атындагы Мамлекеттик университетинде доклад окушмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан