11-апрелден 14-апрелге чейин күтүлүп жаткан жаан-чачындарга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош унаа жолунун 121-137 жана 198-265-чакырымдарында, Ош облусундагы Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-90 жана 145-150-чакырымдарында, Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында кар көчкү коркунучу жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 11-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.