Ишкерлер Бажы союзуна кирүү көйгөйүн өкмөт мүчөлөрү менен талкуулашат

«Дордой», «Мадина», «Кара-Суу» базарларынын ишкерлери эртең, 12-апрелде Бажы союзуна кирүү көйгөйүн өкмөт мүчөлөрү менен талкуулаганы жатышат. Ага Кыргызстандын рыноктор, соода жана тейлөө ишканаларынын ассоциациясынын президенти Сергей Пономарёв, Соода, коомдук тамактануу, керек-жарак кооперативдеринин жана башка ишкерлердин профсоюз уюмунун төрайымы Дамира Дөлөталиева, премьер-министрдин кеңешчиси Олег Панкратов жана экономика министринин орун басары Данил Ибраев катышат. 

Талкуу «Кыргызстандын Бажы союзуна кириши: ири базарлардын көйгөйү жана келечеги» аттуу теманын алкагында жүрөт. 

Анда ишкерлер Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, реэкспорт менен ишкерлик кылган жарандардын келечеги кандай болот деген маселени өкмөт мүчөлөрү менен бирге талкуулап, туш келе турган көйгөйлөрдү аныктоо максатын көздөп жатышат. Бул тууралуу аталган иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан