Өлкө боюнча жазгы талаа жумуштарына багытталган 68,3 миң тонна минералдык жер семирткич бар

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо департаментинин директору Жаныбек Дербишалиевдин айтымында, 2014-жылдын жазгы талаа жумуштарына республика боюнча айдоо аянттарына керектелүүчү азоттук минералдык жер семирткичтердин көлөмү 68,3 миң тоннаны түздү. 
Жогорудагы убакытка карата Мамлекеттик материалдык резервдер фонду аркылуу өлкөгө бардыгы 43 344 тонна жер семирткич (жолдо келаткан көлөмдү эске алганда) келип түшөт. Субъекттердин колунда болгон жана пайдаланган жер семирткичтердин көлөмү – 42 021 тонна, келишим боюнча республикага бардыгы 60,0 миң тонна жер семирткич алынып келиниши күтүлүүдө.
Алдын ала план боюнча, анын ичинен 70,6 пайызы, түштүк регионго, 29,4 пайызы түндүк регионго бөлүнөт. Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан кошумча дагы 5,0 миң тонна жер семирткичтерин (аммофос, хлордук калий, нитрокальцийфосфат) алып келүүгө келишим түзүлүп, акча каражаттары которулду. Бул тууралуу 10-апрелде Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан