“Биз ар дайым балдарды тарбиялоодо жоопкерчиликти мамлекеттин үстүнө жүктөп коебуз”,- деп билдирди Темир Сариев бүгүн, 11-апрелде өкмөт жыйынында.
“Балдарды ата-эне чоңойтсо, анын урматын ата-энелер өздөрү эле көрөт. Ошон үчүн ата-энелер да жардамдашса жакшы болот эле”, - дейт экономика министри Сариев.