“Абанын кескин өзгөргөнүнө байланыштуу Ош - Бишкек жолунда 2 сааттан бери унаа тыгыны орун алып жатат” деп билдиришти бүгүн, 13-апрелде тыгынга күбө болгондор.
Кошумчалай кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги абанын кескин өзгөрүп, тоолуу райондордо кар жаап, муз тоңорун күн мурунтан эскертип келген. Ага кошумча Бишкек - Ош, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Ала-Бука - Каныш-Кыя унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөрү маалымдалган.