Ош шаарында балдар бакчалары жаңы багытта иштей башташат

Ош мамлекеттик университетинин алдындагы "Зирек” балдар бакчасында "Мектепке чейинки курактагы балдарды окутуп-тарбиялоонун интерактивдүү методдору, негизги багыттары” деген теманын алкагында Ош шаарындагы мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчалардын тарбиячыларына арналган 3 күндүк семинар өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде ОшМУнун маалымат кызматы билдирди.

Бишкек шаарынан келген педагогика илимдеринин кандидаты, мектепке чейинки билим берүү боюнча бир нече программалар боюнча адис Касым Абылов балдар менен иштөөнүн түрдүү багыттагы усулдарын семинардын катышуучуларына үйрөттү.

"Семинарды уюштуруунун негизги максаты жаш тарбиячылардын практикалык билимин өркүндөтүү, балдар бакчаларынын ортосунда байланышты, карым-катнашты күчөтүү болуп саналат”,- дейт семинардын уюштуруучусу Токтайым Умурбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан