Бишкек шаарынын Кожобергенов көчөсүндө мыйзамсыз чегинен чыккан дубалга карата бузуу чаралары көрүлдү

Бишкек шаардык жеке турак жай департаменти чегинен мыйзамсыз чыгып, муниципалдык чек аркылуу өз чегин кеӊейткени үчүн Кожобергенов көчөсүндөгү №187-үйдүн жер тилкесин бузуу чараларын көрдү. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Жеке турак жай куруу департаменти билдирди.
Маалыматка караганда, Кожобергенов көчөсүндө жайгашкан №187-жер тилкесин өз чегинен мыйзамсыз чыгарып, муниципалдык чек аркылуу чегин кеӊейтип алганы үчүн департаменттин кызматкери тарабынан орун алган мыйзам бузууларды жоюу жөнүндө үй ээсине эскертме берилген. 
Натыйжада жер тилкенин ээси өз каалоосу менен жалпы аянты 15,75 чарчы метрди түзгөн дубалды бузуп, мурунку калыбына келтирмекчи болду. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dadin
2014-04-16 13:49:48
Мыйзамсыз жолдорду бууп, тосуп алгандарга качан чара коросунор же оозу кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген программада иш алып барасынарбы?
0
Tendik
2014-04-16 15:32:04
Тиги кошунасычы? турак жай департаменти чегинен мыйзамсыз чыкпаптырбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан