Англиялык “Манчестер Юнайтед” футболдук клубунун мурунку машыктыруучусу Алекс Фергюсондун шарап коллекциясы аукционго коюлат. Шарап коллекциясы жана экс-машыктыруучунун колу коюлган баалуу белектер жалпысынан 5 миллион долларга бааланып жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Аукцион 3 баскычтан туруп, алгачкысы 24-майда Гонконгдо (Кытай) өтөт. Анда аукционго коюлган ичимдиктин басымдуу бөлүгү сатылат. 30 пайызы июнь айында Лондондо сатылары күтүлүүдө. Азиялыктардан көбүрөөк кызыгууну күтүп жаткан аукциондун уюштуруучулары бул иш-чара Алекс Фергюсонду сыйлаган футбол сүйүүчүлөрүнүн эле эмес, шарап сүйүүчүлөрүнүн да кызыгуусун арттырарына үмүттөнүшөт.
Фергюсон 75 пайызы италиялык жана франциялык шараптардан турган коллекциясын 24 жыл аралыгында чогулткан. “Менин бүйүрүмдү кызытууда шарап футболдон кийинки орунда турчу. Машыктыруучу катары иштеп жүргөндө көп ойлордон алаксыганга дал ушул ичимдик жардам берчү” деп айтып келгени бар шотландиялык адистин.