Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын медициналык кызматы тоолуу райондорду кыдырып, жалпы 635 жаранды акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрдү жана дары-дармектер менен камсыздады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, атайын автоунаа даярдалып, УЗИ аппараты, ЭКГ жана кичи лаборатория кызмат кылып, болгон керектүү дары-дармектер камсыз кылынган.
Айта кетсек, дарылоо иштери «Мекеним менин – Кыргызстан!» аталышындагы чоң профилактикалык иш-чаранын алкагында өттү.