Бишкек шаарында электр энергиясы боюнча бүгүнкү күнгө чейин 18 500дөй "акылдуу" эсептегич орнотулду. Аларды орнотуу иштери эртең, 22-апрелде да улантылат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта белгиленгендей, эртең саат 9:00дөн 17:00гө чейин Арча-Бешик
конушунда (Кара-Жыгач көчөсүндө), Ала-Тоо (Камыр-Ата, Кызыл-Туу), Кара-Жыгач
(Жетиген), Көк-Жар (Кереге-Таш, Оберон көчөлөрүндө), Бакай-Ата (Эрмек, Байсак,
Анарбеков, Арашан, Наристе), Эне-Сай (5, 6, 7, 11, 12, 13), Лущихина,
Черноморская, Калужская, Марат, Ремесленная, Красная көчөлөрүндө “акылдуу”
эсептегичтердин орнотулушуна байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурайт.