Кыргызстанда картошка менен нанды пайдалануунун көрсөткүчү жогорулады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелдеги тегерек столдун жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин өкүлү маалымдады.
Белгилүү болгондой, 1990-жылы ар бир кыргызстандык орто эсеп менен жылына 54 килограмм эт колдонсо, 2012-жылы бул көрсөткүч 36,9 килограммга төмөндөгөн. Норма боюнча ар бир адам жылына 61 килограмм эт азыгын жеши керек.
Аталган убакыт аралыгында сүт азыктары менен жумуртканы колдонуу да азайган. Балык азыктарын тамак-ашка колдонуу 6,3 килограммдан 1,9 килограммга чейин төмөндөгөн. Норма боюнча ар бир адам жылына 9 килограмм балык азыгын жеши керек. Ошондой эле кумшекерди колдонуу 20 килограммдан 17 килограммга чейин төмөндөгөн.
Ал эми картошканы колдонуудагы көрсөткүч 69 килограммдан 98,4 килограммга, жемиштер 78 килограммдан 149 килограммга, мөмөлөрдү колдонуу дээрлик үч эсеге жогорулап, 124 килограммга барабар болгон. Мындан сырткары нан азыктарын колдонуу 99 килограммдан 134,9 килограммга чейин жеткен.