“Кыргызстанда аялдардын көп жетишкендиктери бар. Бирок ошол эле учурда кемчиликтер да четинен саналат”,- дейт социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев. Ал мындай пикирин бүгүн, 22-апрелде Пекин декларациясын жана иш-аракеттер платформасын аткаруу алкагындагы КРнын серептик долбоору боюнча Улуттук кеңешменин жыйынында билдирди.
“Республиканын бардык облус аймактарында аялдардын жумушка кирүүсү татаал процесс болуп, алардын жумушка тартылуусу да кадыресе аз. Мына ушунун баарын чечишибиз керек. Бүгүн Улуттук кеңеш атайын ушул маселелердин айланасында жыйналып отурабыз. Ал эми жетишкендиктерин санасак деле бир топ. Маселен, агартуу жаатында эркектерден бир канча тепкич жогору турушат”,- деди өкмөт өкүлү Базарбаев.