“Ата Журт” фракциясынын депутаты: “Брондолгон унаа минбейбиз” дегендер азыр минип эле жүрүшөт”

Жогорку Кеңештин депутаты Анарбек Калматов буга чейин мамлекет жетекчилеринин кортежинен МАИ кызматын алып салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталып, депутаттар колдобой коюшканын билдирди. ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-апрелдеги жыйынында Калматов: “Бул сунуш мурда каралып, парламентте көпчүлүк колдобой койгон. Мыйзамды кайра карашыбыз керек экен”,- деп билдирди.

Депутат Мыктыбек Абдылдаев мыйзамды кайра кароону колдой турганын билдирип “брондолгон унаа минбейбиз” дегендер азыр минип, “миллион сомго дөңгөлөк салбайбыз” дегендер ошондой дөңгөлөк салып эле жүрүшөт” деди.

Депутат аткаминерлерди жөнөкөй болууга чакырды. “Бир жолу Көк-Жар конушундагы мектепке барсам, иттери менен толтура милиция кызматкери жүрөт. Эмне болгонун сурасам, өкмөт башчы келе турганын билдиришти. Мен аларга “Эмне, премьер-министрдин жаны биздин жаныбыздан таттуу бекен? Бул жерде жарылуу болсо, далай окуучу деле көз жумушу мүмкүн” деп айттым”,- дейт Абдылдаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан