Бүгүн, 22-апрелде Баткен облусунда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитети менен Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин биргелешкен көчмө жыйыны өттү.
Ага комитеттердин төрагалары Каныбек Иманалиев менен Жусупали Исаев баштаган депутаттар тобунан сырткары өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышты.
Жыйында Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган эл аралык келишимдердин алкагында Баткен облусунда ишке ашырылып жаткан бир катар объектилердин курулушу талкууланды. Ош - Баткен - Исфана жолун калыбына келтирүүнүн абалы, Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жана Рават - Ак-Сай айланма жолдорунун курулушу, жаңы канал куруу аркылуу Самаркандек айылын сугат суу менен камсыз кылуу маселелери каралды.
Баткен шаарынын мэри Жаныбек Жалалов жаңыдан "эл аралык" макамы ыйгарылган Баткен шаарынын аэропортун реконструкциялоо, учуп-конуу тилкелерин жаңылоо багытында маалымат берди.
Бул максатта “Манас” Эл аралык аэропорту өз каражатынын эсебинен 400 миллион сом караганын кошумчалады. Ал эми Самаркандек айылын сугат суу менен камсыз кыла турган атаандаш каналдын курулуш долбооруна көп суммадагы каражат талап кылынат. Азыркы тапта өкмөт каражат булактарын караштырууда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы маалымдады.