"Жардамчыларын Салык кызматына сынаксыз ишке орноштурган" деп айтылып жаткан 50 депутаттын аты-жөнүн жарыялоо сунушталууда

Жогорку Кеңеште жардамчыларын Мамлекеттик салык кызматына сынаксыз ишке орноштурган 50 депутаттын ысымын жарыялоо сунушталууда. Муну ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-апрелдеги жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев айтып чыкты. “Телевизордон айтылып жатат, салыктардын толук жыйналбай калышына депутаттардын 50 жардамчысы күнөөлүү экен. Ошол депутаттардын аты-жөнүн айтышсын, жарыялайлы. Кайсы депутат жардамчысын сынаксыз Салык кызматына ишке орноштурганын эл билсин. Мен муну расмий түрдө сунуштайм”,- дейт депутат.

Абдылдаев 2010-жылдан бери бир да таанышын ишке орноштурбаганын айтат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан