“Кумтөрдө” мөңгүнүн үстүнө 1 жылда 50 миллион тонна калдык төгүлүп жатканы айтылды

“Кумтөр” ишканасында 1 тонна калдык төгүлгөнү үчүн 1 сом 20 тыйын төлөнөт. Муну ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин 22-апрелдеги жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Депутаттын билдиришинче, бул сумма Орусияда 60 доллар.

“1 тонна калдык үчүн 1 сом 20 тыйын алынат. “Кумтөрдө” бир жылда 50 миллион тонна калдык мөңгүнүн үстүнө төгүлүүдө, андан алган акчабыз 50 миллион сомдун тегерегинде. Жакында мөңгүлөр боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды, ага ылайык, ар бир тонна калдык үчүн 5 доллардан же 250 сомдон алынат. Жылына 250 миллион доллар болот. Буга эч кандай тоскоолдук болбошу керек, анткени экология маселеси кыргыз тараптын мыйзамдары менен чечилет”,- деди Текебаев.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан