Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши боюнча өтүүчү парламенттик угуу жылдырылды. Маалымат ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 22-апрелдеги жыйынында айтылды. Депутат Карганбек Самаковдун айтымында, парламенттик угуу өтө турган 29-апрель күнү Бажы биримдиги боюнча мамлекет башчылардын жолугушуусу өтөт. Анда жол картасы кабыл алынып калышы мүмкүн. Парламенттик угууну өлкө башчылары кабыл алган чечимден кийин өткөрүү сунушталды.