Мыктыбек Абдылдаевге "Салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучунун бөлмөсүндө Кыргызстандын желеги бар” деген жооп кайтарылды 

“КРнын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучунун бөлмөсүндө Кыргыз Республикасынын желеги бар”, - деп жооп берди мекеменин басма сөз кызматы ЖКнын депутаты Мыктыбек Абдылдаевге.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев: “Салык кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу теледе интервью берип жатканда, артында түшүнүксүз желек турду. Салык кызматынын да желеги болобу? Ал жетекчинин артында мамлекеттик желек гана болушу керек да. Салык кызматы - мамлекеттик мекеме”,- деп айткан.

“Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана кызматкерлери мамлекеттик символдорду сыйлайт. Мекеменин төрагасынын милдетин аткаруучунун бөлмөсүндө Салык кызматынын да желеги бар. Ал көк-жашыл түстө жана анын ортосунда бүркүт чагылдырылган. Салык кызматынын желеги - ар-намыстын жана кадыр-барктын символу. Ал салтанаттуу иш-чараларда колдонулат”,- деп жооп кайтарды ЖКнын депутатына аталган мекеменин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан