Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев Тойота Лэнд Крузэр унаасын оңдоого 5 айда 25 миң сом жумшаганы айтылууда

Акыйкатчы Бактыбек Аманбаев кызматтык Тойота Лэнд Крузэр унаасын оңдоого 5 айда 25 миң сом жумшаган. Муну бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Абдыманап Кутушев айтты. Депутат маалыматты акыйкатчынын Талас облусундагы өкүлү Арзыкан Момунтаевага шилтеме берүү менен билдирди.

“Акыйкатчы бир катар жарандарды сынаксыз кызматка алган. Ал буга чейин 25 миң сом айлык аларын айтты эле, бирок айлыгы 30 миң сом экен”,- дейт депутат.

Бактыбек Аманбаев айтылган сындарга макул эмес. “Жакында жылдык отчётту уктук. Талас облусундагы өкүлчүлүктүн ишин канааттандырарлык эмес деп таап, Момунтаевага сөгүш берилген. Ал сотко кайрылган”,- деп билдирди акыйкатчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан