Мамлекеттик Думанын кеңеши депутат Владимир Жириновскийге арналган сүрөт көргөзмөнү мөөнөтсүз токтотуу чечимин чыгарды. Саясатчынын портреттери Мамлекеттик Думанын 2-кабатындагы залда жайгашып, ал Жириновскийдин 25-апрелдеги туулган күнүнө карата уюштурулган. Орусиялык ММКларга таянсак, көргөзмөгө Жириновскийдин өздүк архивиндеги бир нече автордун эмгектери коюлган. Портреттерде саясатчы Аватар, Зевс жана башкалардын образында чагылдырылган.
Көргөзмөнү жабууга Жириновскийдин 18-апрелде кош бойлуу журналистти шылдыңдап, кемсинткени себеп болгону айтылды. Андан кийин депутат телеканал аркылуу журналисттен кечирим сураган.