Кыргызстандагы чиновниктердин чет өлкөдөн банктык эсеп ачып, өлкө сыртынан мүлккө ээлик кылышына тыюу салуу демилгесин депутаттар колдобой коюшту. Депутат Исмаил Исаков сунуштаган бул мыйзам долбоору бүгүн, 22-апрелде ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде талкууланып, депутаттардын көпчүлүгү демилгени сынга алышты. Айрым депутаттар муну "популисттик аракет" деп баалашты.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору четке кагылды.