Айымдарды сойкулукка тарткандарды 8 жылга камоого жол ача турган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Парламентте бүгүн, 23-апрелде айымдарды сойкулук ишке тарткан жарандардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоору талкууланып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбооруна ылайык, күч колдонуу же коркутуу, опузалоо, мүлкүн жок кылуу же алдоо жолу менен айымдарды сойкулукка тарткандар 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми мындай иштер уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса, алардын мүлкү конфискацияланып, өздөрү 5 жылдан 8 жылга чейин кесилмекчи. Демилгечи депутат Кожобек Рыспаев мыйзамдын таасири болот деп ишенет. “Жакында интимдик маанайдагы жарнактар боюнча мыйзам көтөрүлдү эле, телеканалдардан уяттуу маалыматтар чыкпай калды” деп мисал келтирди депутат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан