Өкмөткө жеткиликтүү турак жай боюнча жаңы программа даярдоо тапшырмасы берилди

Жогорку Кеңештин Экономикалык жан фискалдык саясат комитети өкмөткө жеткиликтүү турак жай боюнча жалпы мамлекеттик программа даярдоо тапшырмасын берди. Мындай чечим комитеттин 22-апрелдеги жыйынында кабыл алынды.

Депутат Карганбек Самаков Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция колдонгон принциптерди сынга алды. “Жалгыз гана Мамлекеттик дирекция тарабынан жеткиликтүү жана социалдык турак үйлөр боюнча программанын берилиши коррупцияга жана ашыкча кыянаттык менен пайдаланууга жол ачат”,- деди депутат.

Самаковдун айтымында, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев мурда программаны иштеп чыгуу жыйынтыктоо алдында турганын билдирген. “Башында Мамлекеттик дирекция болсо, эми Мамлекеттик ипотекалык компанияны түзгөнү жатышат. Менимче, "Жеткиликтүү жана социалдык турак үй" программасы жалпы мамлекеттик макамга ээ болушу керек жана парламент менен коомчулуктун көзөмөлүндө болууга тийиш”,- деди Самаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан